super.kg logo

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. 5 адам каза болуп, 4 киши ооруканага жеткирилди

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Чырпыкты айылында жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, дагы 4 жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү саат 21:30 чамасында Чырпыкты айылынын 61 жаштагы тургуну Mitsubishi Galant унаасын башкарып бара жаткан. Унаа жолдун карама-каршы тилкесине чыгып бет маңдай келе жаткан Бишкек шаарынын тургунунун башкаруусундагы Тойота Лексус LХ-470 унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен Mitsubishi Galant унаасынын айдоочусу, жүргүнчү катары келе жаткан 58 жаштагы З.Э. Ысык-Ата районунун тургуну 57 жаштагы А.А. жана Токмок шаарынын тургуну Т.Н. жана Б.Б. аттуу жарандар каза болгон. Каза болгондордун экөөсү эркек, үчөө аял болгон.

Ал эми Лексус LХ-470 унаасынан 9 жана 6 жаштагы эки бала жана эң чоң киши денелеринен алган жаракаты менен райондук ооруканага жаткырылган.

Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү органдар иштеп жатканы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
22.07.2021. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечинде айтып жатышат эле Лексустун шофёру мас экен деп.
22.07.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02, Ушул лексус менен жанагы ГСМ ташыган фуралар наглый эле встречный чыгып алып айдашат...
Жолдорду кеңейтип, төрт линиялуу кылмайынча авариядан кырыла берет. Авариялардын 80% ы встречный чыккандардан болуп жатат...
Бектурган түзөттү 2021-07-22 14:14:48
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: