super.kg logo
  Саясат  

"Мындай мыйзам Өзбекстанда, Тажикстанда дагы жок" деди депутат министрлер кабинети боюнча жаңы мыйзам тууралуу

 

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңеште министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору каралып жатат.

"Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору президент менен УКМКнын төрагасынын ортосунда бийликти бөлүштүрүү, таасир талашуу максатында жазылган. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бийликте азыр таасир талашуу болуп жатат. Мыйзам долбоору бийликтеги эки адамдын ортосундагы таасирди бөлүштүрүү үчүн гана жазылган. Бул мыйзам долбоорунда УКМК мындан ары каалаган кишисин камай албайт деп жазылган. "Баланчаев" баарын камап, таасири күчөп жатат, эми менин уруксатымсыз камай албайт деп. Акимдерге жана министрлерге иш козгоо үчүн эми президенттин уруксаты керек болот. Акимдер-уурулар үчүн дагы президент кепил боло алабы? Мындай мыйзам Өзбекстанда дагы, Тажикстанда дагы жок. Балким, Түркмөнстанда гана бардыр", - деди депутат Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: