super.kg logo

"Инсульт алып "Тез жардам" менен Бишкекке бара жаткандар бар". Чаткал-Талас жолун сел алып, жолго чыккан 100дөй адам жолдо калды

 

Чаткал району менен Талас облусунун ортосундагы жолдун бир нече жерин сел алып, 30дай унаа, 100дөй эл жолдо калды. Бул тууралуу акын Мырзайым Айтимбетова SUPER.KG порталына билдирди.

"Чаткалда эки күн таксилер каттабай, кечээ, 21-июлда жолго чыкканбыз. Сел алган жерге саат 17:00дө келип калдык, ошондон бери сел менен алышып отурабыз. Чаткал району менен Талас облусунун ортосундагы жолду бир нече жеринен сел алып ара жолдо калдык. 30дай унаа, 100дөй эл жолдо.

Арабызда ооруп "Тез жардам" менен шаарга бара жаткандар бар. Азыр Таласты көздөй бара жатабыз, эки селден жаштар жөө-жалаңдап өттүк, үчүнчү селге келип өтө албай калдык. Калган кары-картаң, оорулуулар биринчи сел алган жерде калышты. Талас жактан куткаруу кызматынын бир унаасы иштеп жатат, бирок ал мынча жолду тазалап бүтө албайт. Өзгөчө кырдаалдар кызматына байланышсак тамак-аш жөнөттүк дейт, бизге азыр андан мурда техника керек болууда. Себеби арабызда оорулуулар бар", - дейт Айтимбетова.








Чаткалда жолду сел алып 100дөй эл ара жолдо калды

Чаткал-Талас жолунда сел жүодү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: