super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибеков Эл аралык валюта фондунун миссия өкүлдөрү жана ЕККУ борборунун кызматкерлери менен жолугушту

 
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков 29-октябрда техникалык жардам маселелери боюнча кеңешчи Кристоф Ваерзеггерс баштаган Эл аралык валюта фондунун миссия өкүлдөрү менен жолугушту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Салык кодексин иштеп чыгуудагы ролун талкуулап, азыркы салык тутумун жакшыртуу жаатында пикир алышты. Ошондой эле Ахматбек Келдибеков Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкек шаарындагы Борборунун институтционалдык өнүгүү боюнча кеңешчиси Георгий Качаров баштаган кызматкерлер тобу менен да жолугушуп, Жогорку Кеңеш менен ЕККУ ортосундагы кызматташуунун келечек пландары тууралуу пикир алышты. ЕККУнун өкүлү келерки жылдын башында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жаңы Салык кодексинин долбоорун талкуулоого арналган көчмө жыйынын талкуулады. Тармактык комитеттин төрагасы аталган уюм менен башка маселелер боюнча да кызматташууга даяр экенин билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: