super.kg logo

Бишкектеги соода борборлордун жанында ок атылып, бир жаран октон жаракат алды

 

Кечээ Бишкектеги соода борборлордун жанында ок атылып, бир жаран октон жаракат алган. Октябрь РИИБи маалыматты тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

21-июль күнү саат 14:40 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы соода түйүндөрдүн жанында октон жаракат алган жарандын жатканы боюнча маалымат түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Түркиянын жараны Ч.А. ошол күнү өз ара пикир келишпестиктен ага карата ок чыгарып, андан ары качып кеткенин айткан. Ок жабырлануучунун төш тарабына тийген.

Жабырлануучу алган жаракаттарынын негизинде шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган.

Ал эми окуя болгон жерден "МР79 9 ТМ" үлгүсүндөгү тапанча жана 1 ок табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Териштирүү иштеринде жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда акча үчүн уруш чыккан. Түркиянын жараны Ч.А.нын айтымында, 21-июль күнү саат 11:30 чамасында И.Н. менен соода борборлордун биринде жолугушуу өткөрүүнү суранган. Андан кийин ага болжолдуу кол салуу боло турганы тууралуу маалымат телефон аркылуу эскертилген. Жолугушууда И.Н. Ч.А.га тапанча сунуштап, жеке коргонуусуна колдонуусун айткан. Бирок ал коркуп кетип, бөлмөдөн качып чыккан. Ошол убакта ал тапанчанын атылган үнүн угуп, андан ары коркуп качып кеткен. Анткени ал өзүнө кол салуу болот деп ойлогонун айткан. Учурда териштирүү жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.07.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
киного
22.07.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Турк сериялдарын азыраак коргуло дегемин.
22.07.2021. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жашоо болуп жатат мекенимден???Кримдер, авариялар,табигый кырсыктар.Турктор келип атышып ойноп журсо блин борбордо. Кармап Турцияга айдап салгыла
22.07.2021. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тушунууго аракет кылсам чачты агартат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: