Бишкектеги "Сүйүү" сейил багында массалык үлпөт тойду колдогон акция өтөт
Борбордогу "Сүйүү" сейил багында 30-октябрь күнү саат 16:30да массалык үлпөт тойду колдогон “Бекем
үй-бүлө – бейпил өлкөнүн пайдубалы” аттуу акция өтөт. “Бир бол” коомдук
фондунун берген маалыматына ылайык, аталган иш-чарага музыканттар чакырылып, концерттик
программа уюштурулган. Акциянын максаты эне болуу, балалык менен бирге аял менен эркектин
биргелешип үй-бүлө куруусун колдоо болуп эсептелет. Эске салсак, бүгүн,
30-октябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин демилгеси менен 50
түгөйдүн үйлөнүү тою өткөрүлөт.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















