super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020". Спорттун өзгөчө түрүнөн өлкө намысын коргой турган спортчубуз Роман Петров тууралуу билип алыңыз

 

"Токио-2020" жайкы Олимпиадасында Кыргыз өлкөсүнүн намысын 16 спортчу коргойт. SUPER.KG порталы Олимпиадага жолдомо утуп алган спортчулардын өмүр баянын, жетишкендиктерин тизмектеп чыкты.

Фехтование же жөнөкөй тил менен айтканда кылычташуу спорту. Эркектер жана айымдар арасында жекеме-жеке же командалык түрдө өтөт. Оюнда тараптар денеге залал келтирбөөчү кийимдерди кийишип, рапира, шпага же сабля деп аталган кылыч түрлөрү менен салгылашууга тийиш. Аталган спорттун түрү Кыргыз өлкөсүндө анча белгилүү болбосо да дүйнөлүк Олимпиадада өлкө намысын коргоп келген спортчуларыбыз аз эмес. Алсак, 2000-жылы Сиднейде өткөн жайкы Олимпиадада мекендешибиз Александр Поддубный дал ушул спорт түрүнөн намыс талашкан. Ошондой эле 2008-жылкы Пекин Олимпиадасында Андрей Кочурин өлкөбүздүн атынан чыккан. Ал эми быйыл "Токио-2020да" Роман Петров фехтование боюнча өлкө намысын коргоо алдында турган чагы. Төмөндө спортчубуз тууралуу кыскача баян кылабыз.

Аты-жөнү: Петров Роман Александрович;

Туулган жылы: 1991-жыл 19-сентябрь;

Билими: Жогорку;

Спорттук наамы: Фехтование боюнча Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык даражадагы спорт чебери.

Спорттук жетишкендиктери:

2014 жылы – фехтование боюнча Азия Чемпиондугунда (U23) 1-орунду ээлеген (Филлипин);

2014 жылы – фехтование боюнча эл аралык мелдешинде 1-орунду ээлеген (Чехия);

2016 жылы – Азия Чемпиондугунда 3-орунду ээлеген (команда);

2021 жылы – лицензиялык Азия Чемпиондугунда 1-орунду ээлеген (Өзбекстан).

Белгилей кетсек, спортчубуз алгачкы беттешин 25-июль күнү өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.07.2021. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик коштосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: