super.kg logo
  Спорт  

Футбол: Киллиан Мбаппе "ПСЖ" клубу менен жаңы келишим түзбөй тургандыгы айтылууда

 

Атактуу франциялык чабуулчу Килиан Мбаппе "ПСЖ" клубу менен жаңы келишим түзүүнү каалабайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Мбаппе бул сезон анын Париждеги акыркы жылы болот деп эсептеп жатат. Футболчу азыр аны сатууну талап кылууну көздөбөйт, бирок 2022-жылы түзүлгөн келишимдин бүтүшүн күтүп, эркин агент катары командадан кетүүнү каалай тургандыгы айтылды.

Ошол эле учурда "ПСЖ" клубу Мбаппени алып калуу үчүн болгон аракетин көрүп жатканы белгилүү болгон.

Киллиан Мбаппе "ПСЖ" клубунда 2017-жылдан бери ойноп келет.

Ал париждик клубга 180 миллион еврого "Монако" клубунан өткөн. Өткөн сезондо Франция чемпиондугунда чабуулчу 31 оюнга чыгып, 27 гол киргизип, жети жолу голдук пас берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: