Интернеттеги видеолорду туурашкан. Балдар мышыкты 9-кабаттан ыргытып жиберишти



Казакстандын Астана шаарында балдар мышыкты 9-кабаттан ыргытып жиберишкен. Бул тууралуу Астанадагы жаныбарларды коргоо уюму өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Маалыматка ылайык, балдар интернетте мышык кандай бийиктик болбосун буттары менен түшөт деген видеону көрүп аны иш жүзүндө текшерип көрөйүн дешкен. Бирок 9-кабаттан ыргытылган мышык өлүп калган.
Социалдык тармактын колдонуучулары ата-энелер балдарга кичинекей кезинен баштап жаныбарларга аяр мамиле жасоону үйрөтүш керек экендигин, интернеттеги видеолордун баары эле чындыкка дал келбестигин үйрөтүү керектигин жазып калтырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
loveless

23.07.2021. 15:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу байкуш мышык
Asmat84

24.07.2021. 16:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии байкуш өлүп жатканын көрүп жүрөгүм эзилип кетти
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.