super.kg logo

АКНЕТ менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарын көрүңүз!

 

Бүгүн, 23-июлда Япониянын борборунда ХХХII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи болот. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат жана КТРК, КТРК СПОРТ, КТРК СПОРТ 2 телеканалдарда түз эфирде көрсөтүлөт. Ачылыш аземи - Олимпиаданын ажырагыс бөлүгү, аны дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган адамдар көрүшөт. Олимпиаданын талисманын аты "Мирайтова". Анын өңү көк жана ак түстөрдө болуп, "Түбөлүк Келечек" деген маанини түшүндүрөт. Ачылыш азем эң жогорку деңгээлде болуп, укмуштуудай театралдаштырылган оюн-зоок, катышуучулардын парады жана салттуу олимпиадалык отту жагуу күтүлүүдө.

Олимпиада оюндарын Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүү АКНЕТ байланыш операторунун жардамы менен жүзөгө ашырылат. Ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телерадиоберүү жана техникалык жактан камсыздоо үчүн лицензиялык укуктарын алган. Ошондой эле спорттук иш-чараларды максималдуу чагылдыруу үчүн АКНЕТ жана КТРК, КТРК СПОРТ 2 деген жаңы телеканал ачты. Ал AKNET iTV тармагында гана көрсөтүлөт.

Жайкы Олимпиада оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген 11 миңден ашуун спортчулар спорттун 33 түрү боюнча 339 комплект медалдар үчүн күч сынашат. Быйыл Олимпиадага спорттун 5 жаңы түрү кирди. Алар: каратэ, аскага чыгуу, скейтбординг, серфинг жана бейсбол.

Токиодогу жайкы Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азизбеков Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын капитаны болду. 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын желегин ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова жана суучул Денис Петрашов көтөрүп чыгат.

Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы расмий берүүчүлөрү АКНЕТ, КТРК жана КТРК СПОРТ.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: