super.kg logo
  Саясат  

ШКУнун башкы катчылык кызматына кыргызстандык Муратбек Иманалиевдин ордуна орусиялык Дмитрий Мезенцев дайындалды

 
ШКУнун жаңы башкы катчысы болуп Орусиянын өкүлү Дмитрий Мезенцев дайындалды. Бул тууралуу  Жантөрө Сатыбалдиев ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын расмий бөлүгүндө билдирди. “Буга чейин ШКУнун иштер кеңешин жетектеп келген Дмитрий Мезенцев ШКУнун мүчөлөрүнүн чечими менен башкы катчы болуп дайындалды. Буга чейин баш катчы болуп келген Кыргызстандын өкүлү Муратбек Иманалиев Кыргызстандын аброюн эл аралык деңгээлде көтөрө алды”,- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: