Маалыматка ылайык, унааларды сатып алууга 14 миллион 740 миң сом каралган.
"Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн 7 "Тез жардам" унаасын сатып алууга тендер жарыялайт.
Буйруктун негизинде сатып алуулар процедурасын өткөрүү үчүн тендердик комиссия түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Супер-Инфо
super.kg видео

Үй-бүлөлүк медициналык борбору үчүн 7 "Тез жардам" унаасын сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.















