Ырчылык жана сүрөтчүлүк менен таанылган Дубайдагы кыргыз кызы: "5 жыл мурун бул жакка келгенде өзүмдүн жеке бизнесим болот деп ойлогон эмесмин" (видео)
Европалык "Евронюс" телерадиоберүү корпорациясы Дубайда эмгектенген 24 жаштагы Акмо аттуу кыргыз кызы жөнүндө видеосюжет даярдады. Сюжет 22-июль күнү Маданият телеберүүсүндө бир нече тилге которулуп көрсөтүлдү.
Акмо - Дубайда жашаган 24 жаштагы кыргыз кызы. Чыгармачылык анын бала кезинен бери жашоосунун бир бөлүгү болгон. Ал чыгармачылыктын сүрөт тартуу, айкел жасоо, ырдоо жана актрисалык чеберчилик сыяктуу бир канча түрү менен алектенет.
"Евронюстун" алып баруучусуна берген маегинде билдиргендей, бала кезинде Акмонун үй-бүлөсүнүн баары чырак күйүп турган столдун айланасына чогулуп алып, атасынын гитара менен ырдаган ырларын тыңдашчу. Ырга жан дүйнөсү ушунчалык жакын болгондуктан жакын жердеги консерваториянын жанынан өтүп бара жатып, ачык терезеден кимдир-бирөөнүн ырдап жатканы угулуп калса дароо токтоп, көпкө чейин тыңдап турчу.
Акмо 18 жашка чыкканда үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыздаш үчүн Дубай шаарына иштегени кеткен. Ал жакта ар кайсы өлкөнүн артисттери менен тааныша баштаган. Ошондо ал каалаган нерсесин мектепте жана жогорку окуу жайына караганда Дубайдан ылдамыраак үйрөнүп жатканын байкаган.
3 жыл музыка мугалими болуп эмгектенген соң өзүнүн ырчылык карьерасын баштап Дубайдагы дүйнөнүн эң бийик имараты Бурж-Халифадан баштап бир канча жерлерге чейин концерт коё баштаган. Өткөн жылы пандемия башталгандан бери концерт берүүнү токтотуп, ырчы кыз кайрадан живопись менен алектенүүгө өткөн. Ошондон кийин бардык каалоочулар үчүн 24 саат бою живопись өнөрүн үйрөтүүчү курс ачууну чечип, "ARTfem" аталышындагы окутуу курсун ачкан.
"АРТфемдин" билеттери толугу менен сатылып кетти. Ал кыска убакыт ичинде дем алыш күндөрүн өткөрүү үчүн эң белгилүү жерлерден болуп калды. Дубайга 5 жыл мурун келгенде өзүмдүн жеке бизнесим болот деп эч ойлогон эмесмин", - дейт кыргыз кызы Акмо.
Учурда Акмо "АРТфем" долбоорунун алкагында адамдарды алыстан окутуу боюнча интернет-долбоор түзүүнүн үстүндө иштеп жаткан чагы. Андан тышкары ART Dubai 2022 сынагына катышуу үчүн өзүнүн чыгырмачылык портфолиосун даярдоодо.
"Дубай мен элестете албагандай таң калтырды. Мен андан дагы да жаңы сюрприздерди күтөм", - дейт чет жердеги таланттуу мекендешибиз Акмо.
кошулду
Дубайдагы кыргыз кызы



Азаматсың кыргыздын сулуу, кереметүү кызы десем жаңылышпайм. Сага бийик мактоолор гана болсун. Ишиңе ийгилик. Искусство бул убакыттын сыноосунан өткөн сулуулук жана ырайым. Искуство-түбөлүк сулуулук. Сүрөт -чыныгы искуство. Ушул ишиң алдыга өнүгө берсин. Артыңды караба, алдыга кара. Жашооңдо Руханий эң сулуу поэзияларды, ырларды жаратып, келечек муундардын жан дүйнөсүнө жылуу, таза, көркөмдүү керемет, табышмактуу ойлорду калтыра бер. Ар бир кыргыз кызы сулуу жана кол тийгис.
Бизде бул кереметүү кызга окшогон табышмактуу, таланты дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бурдура турган кыз жигиттерибиз миңдеп саналат. Тилекке каршы алардын тилеги Кыргызстанда оңой менен ишке ашпайт. Бизде менталитет орто кылым бойдон калган. Адамдар эскиче стеоротиптер, салт, диний коз караштардын кысымында күн өткөрүшөт.