super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков: "Кыргызстанда дагы бир Аксы пайда болуп жатат"

 

"Кыргызстанда экинчи Аксы пайда болуп келе жатат. Жети-Өгүздө абал оор". Бул сөздү Жогорку Кеңештин 30-октябрдагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков айтты. Депутаттын айтымында, бул маселени күн тартибине киргизип, тез арада чечиш керек. "Жети-Өгүздөгү Саруу, Дархан айылдарындагы кырдаал өзүнөн өзү оңолуп кетет десек жаңылышабыз. Бул маселе боюнча парламентке тийиштүү адамдарды чакырып, маалыматын угалы. Эртең бир жерде кан төгүлүп кетсе, ага сиз да жоопкер болуп калышыңыз мүмкүн",- деди депутат төрага Асылбек Жээнбековго кайрылып. 

Бул сунушту көпчүлүк депутаттар колдошту.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: