"Токио-2020": Олимпиада оюндарынын ачылышы коронавирустан каза болгондорду эскерүү менен башталды
Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүүдө.
Ачылыш азем коронавирус инфекциясынан каза болгон адамдарды эскерүү менен башталды. Учурда театрдаштырылган оюн-зоок уланууда. Саналуу мүнөттөрдөн соң Олимпиадага катыша турган өлкөлөрдүн спортчулары парадга чыгышат.
Парадда Кыргыз курамасы 56-номер менен чыгат. Парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин ок атуучу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.