"Forbеs" журналы Олимпиада оюндарындагы эң стилдүү 8 форманы атады








Бүгүн, 23-июлда Япониянын Токио шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары старт алды. Америкалык беделдүү "Forbеs" журналы Олимпиада оюндары үчүн тигилген эң стилдүү жана өзгөчө дизайнга ээ болгон өлкөлөрдү тизмектеп чыкты. Бул тууралуу аталган басылманын расмий сайтына жарыяланган.
Ага ылайык, бул тизмеге 8 өлкө кирген. Алар: АКШ, Орусия, Либерия, Чехия, Казакстан, Кытай, Түштүк Африка, Япония.
Ал эми ар бир формасы 95 миң сомго тигилген Кыргыз өлкөсүнүн курамасынын формасы мыкты формалардын катарына кирген эмес.
Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына тигилген кыргыз курамасынын формасы талкуу жараткан. Анда интернет айдыңында кураманын формасын артисттердикине салыштырып, сармерденге катышууга ылайык деген сындуу пикирлер жазылган болчу.


Демек сизидин вкусунуз жок.Бир караганда эле корунуп туратко Фигураны бузуп, адамды картайтып корсотуп турат.Корунгон жерге эле калпакты кие бербей мындай жерге баш кийимсиз жакшына спорттук кийимди кийип барса жараша берет.