super.kg logo

"1 жарым миллион сомдон ашык зыян келтирилген". Таласта мектепти оңдоо иштеринин баасы жогорулатылганы аныкталды

 
Таласта Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин капиталдык оңдоо ишинде баалар жогорулатылып көрсөтүлгөн. Анда мамлекетке 1 миллион 572 миң 831 сом зыян келтирүү фактысы аныкталган дешет Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан.
"2015-жылдын 23-декабрында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаменти “Б-С” жоопкерчилиги чектелген коому менен Кара-Буура районунун Аманбаев айылында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин имаратына капиталдык оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү үчүн келишим түзгөн. Ага ылайык, республикалык бюджеттен 13 миллион 764 миң 170 сом каржыланган. Оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин жогоруда аталган департаменттин кызматкерлери мектептин имаратын пайдаланууга кабыл алышкан.
Бирок аткарылган жумуштарды текшерүүдө оңдоо иштеринин айрым жумуштары жогорулатылган баада көрсөтүлгөндүгү жана алар сапатсыз аткарылгандыктан кошумча чыгымдар талап кылынары такталды", - дешет прокуратурадан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене менен ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
23.07.2021. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Любой жерде, любой мамкурулушта ушундай...
23.07.2021. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тендер деген непсени жойсо жакшы болмок
24.07.2021. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бармагын кесип, камап, уурдаганын кайтарып, мүлкүн мамлекетке тартып, бала чакасын саясатка келбей тургандай жазалаш керек ууруларды. Аларды эл уулу деп коргоп чыккандарды юир эки айга мажбурлап иштетиш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: