super.kg logo

Каржы пирамидасы аркылуу 46 миң долларды көбөйтүп бермекчи болушкан. Алдамчылыкка шектүүлөр эки айга СИЗОго киргизилди

 

Бишкекте каржы пирамидасы аркылуу алдамчылык менен алектенгенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча, 21-июлда шаар тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, чала тааныштары Г. жана А`га карата чара колдонууну өтүнгөн.

Анда 2020-жылдан 2021-жылдын июль айына чейин арыз ээсинин каражатын "FINIKO" каржы пирамидасы аркылуу көбөйтүп беребиз деп ишенимге кирип, 46 миң долларын алганы айтылган. Кийинчерээк алар жүргөн жерин жашырып жүргөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 214-берене ("каржы пирамидасын уюштуруу") менен катталды.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган Б.Г. жана 1985-жылы туулган В.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечими чыкты", - дешти маалымат кызматынан.

Мындан тышкары Ленин РИИБине 4 жарандан шектүүлөргө карата ушундай эле кылмыш үчүн жоопко тартуу боюнча арыз түшкөн. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда.

Укук коргоочулар жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жактарды аныктоо иштерин улантууда. Эгерде кимде-ким каржы пирамидасынан жабыркаган болсо кабар берүүнү милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (708) 834-925, 0 (708) 834-925, 0 (707) 775-557, 0 (501) 801-380 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
23.07.2021. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар мелийсалар менен тили бир, эртең эле акчаларды бөлүшүп, камактан чыгып кетишет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: