super.kg logo

АКШ армиясы "Талибан" кыймылынын позицияларына абадан бир нече жолу сокку урду

 

АКШ армиясы Ооганстандын өкмөттүк аскерлерин "Талибан" кыймылынын коркунучунан абадан сокку уруп колдоп жатат. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Жон Кирбиге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШ абадан соккуну Ооганстандын Кандагар районуна жасаган. Так ушул районду "Талибан" кыймылы басып алуу аракетин көрүүдө. Сокку "Талибан" кыймылы басып алган имараттарга жана техникаларга карай жасалган.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
24.07.2021. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акшнын кезектеги шоусу, же спектальы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: