super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Ачылыш аземде желекти башка бирөө көтөргөндүгүнө байланыштуу Өзбекстан курамасында жаңжал чыкты

 

Өзбекстандын курама командасында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде желекти көтөрүүчүлөрдүн алмашуусу боюнча жаңжал чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземдеги парадда Өзбекстандын желегин көркөм гимнастика боюнча Оксана Чусовитина жана мушкер Бобо-Усмон Батуров көтөрүп чыкмак. Бирок парадда желекти мушкер Баходир Жалолов менен таэквондочу Нигора Турсункулова көтөрүп чыккан. Буга Оксана Чусовитина нааразычылыгын билдирген.

"Мага эмне үчүн парадда желек көтөргөндөр алмаштырылганын түшүндүрүшкөн жок. Жөн гана менин парадга барбай тургандыгымды айтышты. Ушинтип мотивациямды жок кылышты. Мындай болбойт да. Биз бардыгыбыз адамбыз, түшүндүрүп айтышса түшүнөбүз", - деген Чусовитина.

Чусовитинанын басма сөз катчысы Юрий Белолипецкийдин айтымында, гимнастты алмаштыруунун себептери азырынча белгисиз.

"Бул абдан жагымсыз кырдаал. Эмнеге мындай болгонун түшүнө албай жатам. Бул кырдаал мени нес кылды. Муну биз кордук көрсөтүү деп баалайбыз", - деген Белолипецкий.

Ал эми Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитети бул боюнча түшүндүрмө берген. Комитет Оксана Чусовитина менен Бобо-Усмон Батуров парадда чарчап калбашы үчүн ушундай чечим кабыл алгандыгын билдирген.

"Гимнастика жана бокс боюнча мелдештер 24-июлда башталат. Оксана Чусовитина 25-июлда күчүн сынайт. Ошондуктан биздин спортчуларга оор болбошу үчүн парадда туу көтөрүүчү спортчулар алмашылган. Акыркы чечим 21-июлда кабыл алынган. Ачылыш аземине катышуу көп убакытты алат. Анда бутка көпкө туруп, жатаканага кеч кайтып келүүнү эске алуу керек. Парадда туу көтөргөн Нигора Турсункулова 26-июлда, ал эми Баходир Жалолов 29-июлда мелдешке катышат", - деп билдиришкен Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинен.

46 жаштагы Оксана Чусовитина карьерасындагы сегизинчи жана акыркы Олимпиадасына катышууда. Мындай көрүнүш көркөм гимнастиканын тарыхында болгон эмес. Ал СССРдин, Германиянын жана Өзбекстандын курама командаларында мелдештерге катышып, Олимпиада оюндарында, Европа, Азия жана Дүйнө чемпиондуктарында алтын утуп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
24.07.2021. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Озубуздун улуттан которуп чыксын дешти да. Ошончо тренировкада чарчабаган желек которуп чарчамак беле
24.07.2021. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Желек которгондон не пайда?
24.07.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
TIMON_BERKOWITZ,Аркимге ар кандай. Действительно больно белгисиз себеб менен башкага берсе. Тем более она заслужила. Же ббаагында эле башкага бербейби
24.07.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
TIMON_BERKOWITZ,желекти которуп чыгуу бул глав честь страны! Ведущий спортсмендер гана которуп чыгат! Бизде раатбек санатбаев, митал шарипов, Данияр кобонов которуп чыгышкан мурда
24.07.2021. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Расизим деп койот муну
24.07.2021. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Apyn8793, Национализм дейт
25.07.2021. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Future11,национализм эмес расизм
24.07.2021. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Муну улутчулдук деп коет,желательно озбектин туусун озбек которсун деген саясат
24.07.2021. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аябай басмырлап салышыптыр(((.Озбекстанда туулганына бушайман жешкендир.
24.07.2021. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура эле кылыптыр котортпой.Биздин Каныкейибиз желек которуп чыгып чарчап калган экен,50 орундан 48-болуп калды.Денис Петрашов деле кыйрата албады.Желек которуп басышып чарчап калды да)))
Желекти башкаларга котортсо таарынба Оксана эже,чарчап каласыз)))
24.07.2021. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Денис Петрашов 100метрди 1мин 00,26секундада сузуп отту.1минутага чейин сузуп откондор толтура экен(((Ийгилик каалап тура берели кийинки оюнга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: