super.kg logo

Бишкекте 43 жаштагы жаран 18 жаштагы кызды бычактап, өзү 5-кабаттан секирген

 

20-июль күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде аял бычакталды деген билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"2003-жылы туулган Т.К. ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин аракетине жана көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берененин негезинде (адам өлтүрүү) катталып, шектүү катары 1978-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалган. Ал 5-кабаттан секирип кеткендигине байланыштуу буту сынып, баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: