Бишкекте Хонда Аккорд унаасы толугу менен күйүп кетти



Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунда Хонда Аккорд унаасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Лущихина көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короосунун биринде “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 02:29да чектөөгө алынып, 02:58де толук өчүрүлдү", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.