super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Казакстан Олимпиададагы экинчи медалына ээ болду

 

Коңшу Казакстандын оор атлетчиси Игорь Сон 61 килограммга чейинки салмак категориясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду.

Маалыматка ылайык, оор атлетчи штанганы жулкуп көтөрүүдө 131 килограмм жана түртүп көтөрүү боюнча 163 килограмм болуп, жалпы 294 килограмм көтөрүп, коло байге утту. Бул салмак категорияда алтын медалды кытайлык оор атлетчи Ли Фабинь жеңди. Ал жулкуп көтөрүүдө 141 жана түртүп көтөрүүдө 172 килограммды көтөрүп, Олимпиадалык рекордду жаратты.

Казакстан муну менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы экинчи коло байгесин утту. Биринчи коло байгени дзюдо боюнча Елдос Сметов жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин оюнчулар качан катышаарын таблица кылып жазып койгулачы Супер инфо
25.07.2021. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Суперчилер,олимпиада кучундо а силер эмнени карап отурасынар?Кайдагы ырчы пырчыларды пиар кылып отура бербей,онлайн кабар ачып койосонор олимпиада учурунда!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: