super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада: "График өзгөрүшү мүмкүн". Токио шаарына катуу тайфун жакындап келе жатканы айтылды

 

XXXII жайкы Олимпиада оюндары өтүп жаткан Япониянын борбору Токио шаарына коркунучтуу делген "Непартак" тайфуну жакындап келе жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Непартак" тайфуну учурда Япониянын түштүгүндө, Тынч океанындагы Бонин аралдарында жайгашкан. Азыр бул аралдардын аймагындагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрди түзүүдө. Бирок "Непартак" Токиого жакындаган сайын шамалдын ылдамдыгы жогорулайт.

Тайфун Япониянын чыгыш жээгине келгенде, шамал 6-8 метрге чейин толкундарды көтөрүп, катуу жаан жаашы мүмкүн. Токио Олимпиадасынын уюштуруу комитети тайфун жакындап калгандыгына байланыштуу мелдештин графиги өзгөртүлүшү мүмкүн экендигин жарыялады.

"Непартак" 2021-жылы Тынч океанында пайда болгон сегизинчи тайфун болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(4)
25.07.2021. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай сакта не деген апааттар болуп атат 2021 жылы....
25.07.2021. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эч нерсе болбойт,паника кыла бербегилечи!
26.07.2021. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздикилер аман эсен кайтып келишсин.
26.07.2021. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Непартак тайфуну элестетип келаткандай жазасыңар да. Японияда бул жөнөкөй эле көрүнүш болуп калса керек, көнүп деле калышса керек алар мындай нерселерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: