"Токио-2020": Сутка ичинде Олимпиадага келген 16 спортчудан коронавирус аныкталды
Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларынын арасынан коронавирус 16 оюнчудан аныкталды. Бул тууралуу Олимпиаданын уюштуруу комитетинин басма сөз кызматынан кабарланды.
"Вируска чалдыккандардын арасында Олимпиада шаарчасында жашаган 3 спортчу да бар. Муну менен олимпиаданын катышуучуларынын арасында коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 153кө жетти", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу бир катар чектөөлөр менен өткөрүлүп жатат. Буга чейин мелдештерди көрүүчүлөрсүз өткөрүү чечими да кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Dembele84

26.07.2021. 13:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
башталганга чейин эле вирус жуктургандар толтура болчу.Ага карабай баштадыбы,эми аягына чыксын!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.