Мурунку жетекчиси былтыр дүйнө салган. Бишкектеги №78 мектептин директору каза болду
Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Мурат Жумалиев каза болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.Маалыматта жазылгандай, ал кечээ, 25-июлда каза болгон. Мугалимдин өлүмүнө эмне себеп болгону ачыкталган эмес.
Мурат Жумалиев өмүрүнүн 39 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Ал №78 гимназия мектебине 2020-жылдын август айынан баштап директорлук кызматка дайындалган.
Буга чейин Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназияны, №85 мектепти жетектеген.
Жумалиев эмгек жолунда "Билим берүүнүн отличниги" наамына татыган жана бир катар мекемелердин мактоо баракчалары менен сыйланган.
Эске салсак, былтыр аталган гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада пневмониядан каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-11-20
16:49
2025-11-20
15:16
2025-11-20
15:01
2025-11-20
14:56
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















