super.kg logo

Быйыл дүйнөдө башчылардын өлүмү боюнча рекорддук көрсөткүч катталды

 

2020-жылдын башынан бери дүйнөдө бийликте турган 8 мамлекет жана өкмөт башчысы көз жумду. Бул башчылардын өлүмү боюнча XXI кылымдагы эң чоң көрсөтүч. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, 2018-2019-жылдары 5 лидер, ал эми 2016-2017-жылдары 4 лидер көз жумган.

Ушул жылдын 7-июлуна караган түнү Гаитинин президенти Жовенель Моиз кылмышкерлердин огунан улам каза болгон. Киши өлтүргүчтөр алгач аны кыйнап, андан соң 12 жолу ок чыгарышкан. Окуяда президенттин жубайы да катуу жаракат алып, бактыга жараша, аман калган.

Апрель айында болсо Чад өлкөсүнүн мамлекет башчысы Идрис Деби козголоңчулар менен болгон салгылашуудан алган жаракатынан улам көз жумган. Ошол күнү ал фронттогу маанилүү бир окуяны куттуктоо үчүн өлкөнүн түндүгүндөгү согуш жүрүп жаткан аймакка барган.

Ал эми Танзаниянын жана Бурундинин президенттери Жон Помбе Жозеф Магуфули жана Пьер Нкурунзиза оорудан улам каза болушкан. Магуфули коронавирус илдетинен көз жумган. Ал эми Нкурунзизанын өлүм себеби катары жүрөк оорусу айтылса да жергиликтүү басылмалар президенттин Ковид-19 илдетине чалдыкканын жазып чыгышкан.

Бахрейндин премьер-министри Халифа бен Сальман Аль Халифа жана Эсватини королдугунун премьери Мандвуло Амброзе Дламини дагы оорудан улам көз жумушкан.

Мындан тышкары, 2 жыл ичинде Кот-д' Ивуардын 2 премьер-министри каза болгон. 10-мартта рак илдетинин айынан Амед Бакайоко көз жумса, 2020-жылдын 8-июлунда министрлер кеңешинин жыйынынан соң абалы начарлаган Амаду Гон Кулибали каза болгон.

Ошондой эле, 20-июль күнү дагы Сальвадордун мурдагы президенти 93 жаштагы Артуро Армандо Молина каза болгон. Ал көптөн бери оору менен алпурушуп келгени айтылат.

14-июлда Пакистандын мурдагы өлкө башчысы Мамнун Хусейн 81 жашында дүйнөдөн өттү. Мурдагы өлкө башчысы да көп убакыттан бери жеке ооруканасында дарыланып келген.

Ошондой эле 19-апрелде АКШнын мурдагы вице-президенти Уолтер Мондейл дүйнөдөн өткөн. Азырынча анын өлүм себеби тактала элек. АКШнын учурдагы президенти Жо Байден вице-президенттин өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алганын айтып, аны өлкөгө берилген патриот, кымбат дос жана кеңешчим деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: