super.kg logo

Түндү күндүзгүдөй жаркыратып... Норвегияга чоң көлөмдөгү метеорит түштү

 

Норвегия өлкөсүнүн борбору Осло шаарына чоң көлөмдөгү метеорит түштү. Метеориттин атмосферага кирген маалында тартылып калган видео-сүрөттөр бир катар интернет булактарында жарыяланды. Анда айлананын көз ирмемге күндүзгүдөй жарык болуп өткөнүн көрүүгө болот.

Норвегия метеорит станциясынын берген маалыматында, метеорит жергиликтүү убакыт менен түнкү саат 1лер чамасында пайда болгону айтылат. Ошондой эле метеориттин салмагы 10 килограммга жетиши мүмкүн экендиги жана секундасына 16,3 чакырым ылдамдыкта учканы божомолдонууда.

Алгачкы изилдөөлөр боюнча метеорит Осло шаарынан батышында, 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Финемарка токоюна түшкөн болушу мүмкүн экендиги айтылды. Учурда атайын жумушчу топ метеоритти издөө иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле жергиликтүү полиция кызматы бул кубулуш эч кандай зыян алып келбегенин жана эч кимдин жабыркабаганын билдирди.






Норвегияга чоң көлөмдөгү метеорит түштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.07.2021. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чон коломдогу метеорит 10килограмбы ошондо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: