super.kg logo

20 жылдан кийин кайрадан жанган сүйүү. Женнифер Лопес жана Бен Аффлектин эс алуудагы сүрөттөрү талкуу чордонунда

 

Америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопес 24-июлда 52 жашка чыкты. Ал туулган күнүн утурлай сүйүктүүсү Бен Аффлек менен Инстаграм баракчасы аркылуу кумарлуу өбүшүп жаткан сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Женнифер Лопес туулган күнүндө Инстаграм баракчасына купальникчен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөп күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Ал эми Бен Аффлек менен тартылган сүрөтү сүрөттөр сериясын аяктады көрүнөт. Жылдыздуу түгөйлөрдүн мындай сүрөтү Инстаграмдагы эң алгачкы сүрөт. 2000-жылдары алардын романтикасы учурунда мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Буга чейин Аффлек Лопеске ырчынын 52 жашында, тагыраагы 24-июлда баш кошууну сунуш кылары божомолдонууда деген маалымат чыккан.

Аффлек менен Лопес 2000-жылдары таанышкан, андан кийин актёр ырчыга үйлөнүүнү сунуш кылган. Бирок той болгон эмес, 2004-жылдын январь айында алардын мамилесинин бузулганы белгилүү болгон. Буга чейин алар Монтандагы тоо лыжа базасында чогуу эс алышканы маалымдалган. Апрель айында Лопес бейсбол оюнчусу Алекс Родригес менен мамилесин үзгөн. Буга спортчунун Лопестин көзүнө чөп салганы себеп болгону айтылган. Ал эми январь айында Аффлек сүйүктүүсү актриса Ана де Армас менен ажырашып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.07.2021. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2чи суротто бир нерсе болуп жатат го ээ, мага кыймылдап жаткандай корунуп жатат.
27.07.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,ишин бутуруп атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: