super.kg logo

Курман болгондордун көбү аялдар жана балдар. Бириккен улуттар уюму Ооганстандагы адамдардын өлүмүнүн рекорддук санын айтты

 

Ооганстанда 10 жыл ичинде радикалдуу "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин чабуулдарынан улам адам өлүмүнүн рекорддук көрсөткүчү катталышы ыктымал. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюму билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Уюм аталган көрсөткүчтөргө байкоо жүргүзүү башталгандан бери адам өлүмүнүн тездик менен өскөнү байкалганын белгиледи. БУУнун отчётуна ылайык, 2021-жылдын биринчи жарымында эле 1600дөн ашык Ооган жараны каза болуп, 3 миңден ашыгы жаракат алган. Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47 пайызга көп экендиги белгиленди.

Өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү быйылкы жылдын май жана июнь айларында катталган. Уюмду тынчсыздандырган жагдай курман болгондордун дээрлик жарымы аялдар жана жаш балдар экендиги айтылды.

БУУнун Ооганстандагы жардам миссиясынын башчысы Дебор Лайонс Ооганстандагы кырдаал турукташпаса, өлүмдүн саны дагы да жогорулашы мүмкүн экендигин эскертти.

"Зордук-зомбулук токтобосо быйыл болуп көрбөгөндөй Ооган жараны каза болот жана майыптыкка учурайт. Мен талибдерден жана Ооган лидерлеринен жаңжалдын коркунучтуу жагдайларын жана карапайым элге тийип жаткан кесепеттерин эстен чыгарбоосун суранат элем", - деди Дебор Лайонс.

Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин Ооганстандын аймагынан расмий түрдө чыгарып кеткенден баштап радикалдуу "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирешүү токтобой келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.07.2021. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул нерсеге түшүнбөйм.баардык мамлекеттен аскер жөнөтүп ушул Талибан дегендерди жок кылып таштаса болбойбу.карапайым элге убалда эми.
27.07.2021. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shbdn,талибан ошол Авганистандын жарандары. Алар чет элдик аскердик кийлигишүүсүнө каршы чыгып жатат. Б.а. опозиция сыяктуу. Официалдуу бийликти кетирип (батыштын идеологиясын колдогон) өздөрүнүн жашоо эрежесин орноткусу келет. Мен талибдерди же башкасын колдойм эмес, авган эли ким менен болсо да тынч жашашын каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: