super.kg logo
  Спорт  

Орусия футболдук союзу жаңы машыктыруучусу Валерий Карпин менен келишим түздү

 

Орусиянын футболдук союзу курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу Валерий Карпин менен келишим түзүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орусиянын футболдук союзунун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Орусиянын футболдук союзу Карпин 23-июлда Орусия курама командасынын башкы машыктыруучусу кызмат ордуна дайындалгандыгын жарыялаган. 52 жаштагы адис менен келишим 2021-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу, келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жакынкы жарым жыл ичинде курама команданын жаңы машыктыруучусу курама командадагы жана 2017-жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жаткан Ростов футболдук клубундагы ишин айкалыштырууга мажбур болот.

Ростовго келгенге чейин Карпин "Спартакты" (2009-2012, 2012-2014), Испаниянын "Мальорка" клубун (2014-2015-жылы) жана "Армавир Торпедо" клубдарын (2015-2016-жылы) машыктырган. Анын жетекчилиги астында "Спартак" эки жолу Орусия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси болуп, ошондой эле Европа Лигасынын чейрек финалына чейин жеткен (2010/11 сезондо).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: