super.kg logo

Музыкалык аспапсыз укмуштуу добуш чыгарган Аман: "Колонка жутуп алгансыңбы дешет"

 

Битбокс бул ооз, көмөкөйдүн деги эле үн органдарынын жардамы менен түрдүү, кулакка жагымдуу, ал тургай таң калычтуу добуштарды чыгаруу.

Анын жаралуу тарыхына кайрылсак, 1980-жылдары Нью-Йорк шаарында биринчи жолу мындай добуш жаңырган. Андагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жашаган аймактагы жаштар түрдүү аспаптарга, музыкалык концерттерге акчанын жетишсиздигинен өздөрү ооз көңдөйлөрү менен музыка чыгарууга көнө башташкан.

Битбокстун аталышы драм машинаны чыгарган фирманын аталышы, ошол бойдон өзгөрбөй аты тарап кеткен. Негизинен аталышы мульти вакализм десек болот. Кыргыз өлкөсү да бул өнөрдү аркалагандардан кур эмес, дем алуу органдары аркылуу суктанарлык добуштарды аткарып келе жаткан битбоксчу Аман Токтобаевге кайрылып, дал ушул өнөр тууралуу сурап билдик.

Ал 1989-жылы Нарын облусунун Жан-Булак айылында туулуп өскөн. Мектеп кезинен битбокско кызыгып баштаган. Ал кезде интернет өнүгө элек болгондуктан, видео сабактарды деле көргөн эмес. Кийин бул өнөрүн тажрыйба менен катарлаш өстүрүү максатында ар кандай видеолорду көрүп, бүгүнкү күнгө чейин хобби катары битбоксту таштабай келет. Кесиби боюнча эколог. Толугу менен видеодон көрүңүз.


кошулду





Көмөкөй, ооз, таңдайды музыкалык аспап кылган битбоксчу Аман Токтобаев

Автор: Медина Найманова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
28.07.2021. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: