super.kg logo

Өзгөндөгү жайлоодо сабалгандарга карата жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты

 

Ош облусунун Өзгөн районунун Жайылма аталыштагы жайлоодо болгон бейбаштык боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"22-июль күнү соттук-медициналык экспертизанын корутундуларына ылайык, 2 жабырлануучу денелеринен оор жаракат алышкан, ал эми дагы бирөө ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракатын алгандыгы аныкталган. 23-июль күнү сотко чейинки өндүрүштө эки шектүү аныкталып, камакка алынган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

17-июлда саат 21:30 чамасында жайлоодо жүргөн 28 жаштагы Б. уулу И., 32 жаштагы Б.Ч. жана 33 жаштагы М.А`ны У. уулу А. аттуу жаран достору менен эч бир себепсиз уруп, денелерине жаракат келтиришкен. Жабырлануучулар алган жаракаттарынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилген. 18-июлга караган түнү саат 01:06 чамасында Ош ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан билдирүү түшкөн.
Аталган факты 18-июлда саат 01:20 чамасында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө тобу Ош облустук ооруканасына барган кезде, Өзгөн районунун 56 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси эки уулун жана күйөө баласын сабаган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: