super.kg logo

Орусиянын Тюмень шаарында жол кырсыгынан каза тапкан 4 мекендешинин өлүмү үчүн Кыргызстандын жараны соттолот

 
Тюмень облусуна караштуу Ишим районунда Кыргызстандын 23 жаштагы жараны Тынарбек Жакыпбай уулуна карата кылмыш иши боюнча иликтөө аяктады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттарына 30-октябрда Тюмень облустук прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Ага Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 5-бөлүмүнүн 264 беренесине (жол эрежесин бузуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен эки же андан ашык адамдын өлүмүнө себепкер болуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн натыйжасында Тынарбек Хонда минивен унаасы менен Орусия жана Кыргызстандын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташып алектенгени аныкталды. 2013-жылы 9-сентябрда Тюменден 7 адамды унаасына салып Кыргызстанга жөнөгөн. 10-сентябрда Ишим-Безруков унаа жолдорунун кесилишинде Вольво жүк ташуучу унаа менен кагылышып кеткен. Жол кырсыгында 4 адам каза болуп (51 жана 55 жаштагы жубайлар, 33 жаштагы аял жана 22 жаштагы жигит), 18 жаштагы жүргүнчү оор жаракат алган. Унаалардын айдоочулары жабыркашкан эмес. Аталган иш боюнча материалдар кароо үчүн Ишим райондук сотуна жөнөтүлдү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.10.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун, жаман иш болуптур,кырсык каш-кабактын ортосунда дейт,айдоочу жаш бала экен,эмнеге мындай болуп кетти экен,ажал ар кандай себеп менен келет экен да
04.11.2013. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун ылайым.Сургут шаарынан келе жатып казакстандын жолдорунда эки одиссей машина ошол адамдар дын соокторун алып келе жатышкан эле.Коруп алып ыйлагым келди эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: