super.kg logo

Орусиялык ырчы МакSим эсине келе баштады

 

МакSим деген ат менен белгилүү болгон орусиялык ырчы Марина Абрамова эсине келе баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

"Ал эсине келе баштады, колун жаңсап, белгилер менен сүйлөшүүгө жарап калды. Дарыгерлер анын колдонуп жаткан дарыларын бир аздан азайтып, уйкудан чыгарууга аракет кылып жатышат. Бирок бул процесс анын организминен көз каранды. МакSим дем чыгара алат, бирок толугу менен өз алдынча дем ала албайт. Абалы дагы деле оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Дарыгерлер колунан келген аракетин кылып жатышат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап, оң өпкөсү иштебей калганы, ага ИВЛ аппараты да жардам бербей жаткандыгы жазылган болчу.

Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(3)
27.07.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айыгып кетсин.
27.07.2021. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Картайыптыр азап тартып байкуш, Макsим жаштыкты эске салат 2005-2006жылдары аябай популярный болгон да.
27.07.2021. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуп кетсин айыгып. Омуру узун болуп коп жашасын.
Antiradikal3 түзөттү 2021-07-27 15:26:29
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: