super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Владимир Золоев беттешке машыктыруучусу жок чыкты

 

Бүгүн, 27-июлда кыргыз дзюдочусу Владимир Золоев "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында беттешке чыгып, анда 1/16 финалда орусиялык Алан Хубецовго жеңилип калды.

Кыргыз дзюдочусу беттешке машыктыруучусу жок жалгыз чыгып, беттештен кийин дагы машыктыруучусуз кетти. Олимпиадагы спортчулар машыктыруучусу менен жиберилгенин баса белгилей кетүү керек. Бул боюнча дзюдо федерациясына байланышууга азырынча мүмкүн болбой жатат.

Ал эми Олимпиадалык дирекцияга байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдиришти.

Олимпиада оюндарында спортчулардын бардыгы мелдештерге машыктыруучулары менен чогуу чыгышат.

Буга чейин Владимир Золоевдин мелдешке формасында эч кандай жазуусу жок чыккандыгы кабарланган.

Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.07.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орус олимпиадага барып алып озун корсоткон окшойт,тренерсиз чыкса,жазуусу жок чыкса анда жазалаш керек.Эшек жайлообу ошончо чон оюнга катышып жатып ушундай иштерге барып жатса!
27.07.2021. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле.
27.07.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бечара спортчулар, тренердин квотасынын ордуна Галина Байтерек деген неме кетип калганда. СЕЛФИЛДЕП ШЫЛТООДО Япония [moderated]син ичип кумарын жазганы(((
27.07.2021. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Борецтер калып калгандар уйго кайтат окшойсунар. Умут ошолордоле калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: