super.kg logo

Өзбекстан кытайлык Wechat тиркемесинин ишине чектөө койду

 

Өзбекстанда кытайлык Wechat тиркемесинин ишине тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалыматташтыруу жана телекоммуникация жаатындагы көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясына (Узкомнадзор) таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимге Wechat тиркемесинин жеке маалыматтарга байланыштуу эрежелерди бузгандыгы себеп болгон. Эми тиркеменин негиздөөчүлөрү белгиленген кемчиликтерди жоймоюнча Wechat социалдык тармагынын иштөөсү өлкө аймагында толугу менен токтотулат.

Белгилей кетсек, январь айынын аягында Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзийоев "жеке маалыматтар жөнүндө" мыйзамга киргизилген бир катар өзгөртүүлөргө кол койгон. Ага ылайык бардык социалдык тармактарга ушул жылдын 15-апрелинен баштап Өзбек жарандарынын жеке маалыматтарын өлкө аймагында сактоо талабы коюлган. Кийинчерээк Узкомнадзор Facebook Inc Google, Mail.ru, Microsoft Skype, Telegram, Tencent Wechat, Tiktok, Twitter, Yandex өңдүү бир катар чет өлкөлүк компанияларга мыйзамдагы талаптарды аткаруу зарылдыгы жөнүндө билдирүү тараткан. Ал эми июль айынын башында көзөмөлдөөчү орган Skype, Twitter, Tiktok жана "ВКонтакте" тиркемелеринин ишине катуу чектөө койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: