super.kg logo

Чүйдө пикир келишпестиктен улам ок атышуу болуп, эки киши жаракат алды

 

Чүй облусунун Панфилов районунда эки адам октон жаракат алышты. Кылмышка шектүү делинген жаран кармалганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 24-июль күнү аймактык ооруканага эки жаран 1991-жылы туулган И.А. жана 1997-жылы туулган Ш.Т. ок атуучу куралдан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Бул туурасында Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн.

"Териштирүү учурунда Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен жабырлануучулар менен бейтааныш адамдын ортосунда пикир келишпестик орун алып, ок атышуу болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Анын жанынан травматикалык тапанча алынган. Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: