super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда азык-түлүккө жана алкоголсуз ичимдиктерге болгон баа төмөндөдү

 
Кыргызстанда 2013-жылы азык-түлүккө жана алкоголсуз ичимдиктерге болгон баа 0,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу ундан жасалган азыктар 0,7 пайыз, балык 2,7, сүт азыктары 5,9, жашылча-жемиштер 22,9 пайызга арзандаганы белгилүү болду. Ал эми өткөн жылга салыштырмалуу башка товарлар (азык-түлүктүн катарына кирбеген) 3,5 пайызга, ошондой эле тейлөөлөрдүн баалары 2,6 пайызга жогорулаган. 2013-жылдын башынан бери алкоголдук ичимдиктер 5,7 пайызга кымбаттаган. Баалардын өткөн жылга салыштырмалуу жогорулашы Жалал-Абад облусунда 1,3 пайыз, Таласта 1,2 пайызга жогоруласа, Нарын жана Ысык-Көл облустарында баалардын төмөндөгөнү катталган. Жалпысынан 2013-жылдын сентябрында баалардын көрсөткүчүндө ун 1,4 пайыз, нан 0,6, бензин Аи-80 7,4,  Аи-92 5,7, күйүүчү май 0,7 жана сүт азыктары 4 пайызга жогорулаган. Ал эми баалардын төмөндөшү кой эти 1 пайыз, картошка 3, кумшекер 0,5, күн карама майы 0,1, жашылчалар 0,3 жана мөмө-жемиштерде 4,5 пайыз байкалган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: