super.kg logo

"Окуя дааратканада болгон". Өзгөндө 12 жаштагы кызды 39 жаштагы жаран зордуктаган деп шектелүүдө

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июль күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарынын тургуну 12 жаштагы кыз үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу РИИБге маалымат берген.

Издөө иштери башталып, өспүрүм РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган.

"Ал өз көрсөтмөсүндө 23-июль күнү Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүчү жайдын короосунда жайгашкан дааратканада белгисиз жаран зордуктагандыгын айткан. Анын берген көрсөтмөсүнө ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында 12 жаштагы кыз зордукталганы аныкталган. Бул факты боюнча 24-июль күнү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну М.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.07.2021. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эртерээк бир буйрук чыгарып,чечим чыгарылбаса күн кур эмес болуп баратат
27.07.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шумшук,турмодо чирип олсон экен!
27.07.2021. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аты жөнүн жазгыла ачык,таш бараң кылып өлтүрүш керек болуп калды буга окшогон айбандарды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: