super.kg logo

"Сирияга жарандарды жиберүүнү көздөшкөн". УКМК эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөлөрүн кармады

 

УКМК эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында террордукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, "ИГИЛ" эл аралык террордук уюмга тиешеси бар чет элдик жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

Аталган чет элдик жарандар А.Т. жана Д.Н. кийинчерээк "ИГИЛ" эл аралык террордук уюмуна ант беришип, террордук акцияларды уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын калкынын диний бөлүгүнүн арасында үгүт иштерин жүргүзүшүп, жакынкы аралыкта Сириянын куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүүнү көздөшкөн.

Азыркы учурда УКМК эл аралык террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.07.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам биричи сакалды эмес, акылды ойлонуш керек. Азыр жаштардын диний бөлгүгүнүн арасында радикалдык үгүт иштерин жүргүзүү оңой. Анткени алар ишенчеек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: