super.kg logo

"Жынсы шым кийгени үчүн сабашкан". Индияда 17 жаштагы кыз өз жанын кыйды

 

Индиянын Уттар-Прадеш штатында жынсы шым кийгени үчүн үй-бүлөсү тарабынан сабалган 17 жаштагы Неха Пасван аттуу кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Неха Пасван жакын жердеги бир көпүрөдө асынган абалда табылган. Ал өткөн аптада үй-бүлөсү тарабынан катуу сабалган. Ага Неханын үй-бүлөсүнүн жынсы шым кийүүнү жактырбагандыгы себеп болгон.

Кыздын апасы Шакунтала Деви кызды атасы менен таекелери урганын жана абалы оорлошуп кеткендиктен, дароо ооруканага жеткиришкенин айтты. Ошондой эле ооруканада доктурлар кызы менен жолугууга уруксат бербей койгонун кошумчалады.

Ал эми жергиликтүү полиция кызматы кыздын өлүмүнө шектүү катары атасы баш болгон бир катар туугандарынын кармалганын билдирди.

Белгилей кетсек, Индиянын көптөгөн аймактарында аялдардын кийимдерине, барган жерлерине, ал тургай сүйлөгөн сөздөрүнө байланышкан ар кандай чектөөлөр көп жылдардан бери уланып келет. Мындай тыюу салуулардын арты өлүм менен коштолгон учурлар да көп катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.07.2021. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялдар өзү жашаган чөйрөсүндө эч качан диний, салттык негизде кысымдын, басымдын астында күн кечирбеши керек. Андайга эч качан аялдар моюн сунбашы керек. Динди шылтоо кылып аялдардын эркиндигин кысымга алган эркектерден жакшылык күтпөгүлө.
Бизде деле орто кылымдагы жапайчылыкты орто кылымдагы жашоо турмушка кайтып баралык, ат араба, эшек араба минелик деген билимсиз жапайлар аз эмес.
ayzhan12 түзөттү 2021-07-27 21:49:17
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: