super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү үчүн АКШнын программасын колдонууну тапшырды

 

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго Кыргыз өлкөсү менен АКШнын эки тараптуу карым-катнашын чыңдоо жана ошондой эле кыргыз ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында АКШнын "Жалпы артыкчылыктар тутуму" программасын колдонууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган программанын ("Жалпы артыкчылыктар тутуму") алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпысы 5 миңге чейин ар кандай товарларды эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттоого уруксат берилген. Бул программа Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү сапаттуу айыл-чарба товарларын (кыргыз тоо балы, чычырканак кошулмалуу суусундук, кара өрүк, жер жаңгак жана топоз өңдүү башка жандыктардын эттери, форель жана башка) АКШга экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Азыркы учурда кыргыз ишкерлеринин АКШнын аталган программасын толук колдонуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: