super.kg logo

Индияда суу ташкыны 164 адамдын өмүрүн алды

 

Индияда суу ташкынынын жана жер көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 164кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Ага ылайык, куткаруучулар дээрлик 230 миңге чукул адамды эвакуациялаган.

"Махараштра штатында акыркы күндөрү муссон жамгыры катуу жаады. Мындай учур 40 жылдан бери катталган эмес.

Бир нече айыл суу астында калды, өлкөнүн эң ири шаарларынын бири болгон Мумбай штатынын борборун катуу суу каптады. Аймактагы аба ырайынын начардыгына байланыштуу мобилдик байланыш жана транспорттун жетишсиздик көйгөйлөрү жаралган.

Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 164 адам каза болсо, жүздөгөн жарандар дайынсыз болууда", - деп жазылат дүйнөлүк басылмалардын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: