super.kg logo

Орусияда аюу эс алуучуларга кол салып, бир адам каза болду

 

Орусиянын Красноярск аймагында жайгашкан "Ергаки" улуттук сейил багында аюу эс алуучулардын тобуна кол салып, бир адам каза болду. Бул тууралуу аталган сейил бактын жетекчилигинен билдиришкенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 27-июль күнү Араданский тоо кыркасындагы "Ергаки" паркында болуп өткөн. Анда Москвадан келген 4 эс алуучу аюунун кол салуусуна кабылган. Тилекке каршы, кол салуудан бир адам каза болуп, калган үчөө качып кутулууга үлгүргөн. Жырткыч адамдарга түнкү эс алуу учурунда кол салганы белгилүү болду.

Жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын берген маалыматына караганда, алар паркка спорттук жүрүш жасоо үчүн келишкен. Учурда окуя болгон аймакка полиция кызматкерлери, куткаруучулар тобу, аталган парктын кызматкерлери жана мергенчилер жөнөтүлүп, окуянын чоо-жайы такталууда.

Ошондой эле сейил бактын жетекчилиги бардык эс алуучулардан аталган аймакта эс алууга тыюу салуу же чектөө киргизүү жөнүндө расмий чечим чыкканга чейин эс алуу пландарын жылдырып турууну суранды. Мындан тышкары каражаттын жетишсиздигинен аймактагы аюулардын саны көзөмөлгө алынбай жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: