Шри-Ланкада жаран кымбат баалуу сапфир таштарынын топтомун таап алды
Шри-Ланкада жаран кудук казып жатып, дүйнөдөгү эң ири жана кымбат баалуу сапфир таштарынын тобун таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаран сапфир таштарын кымбат баалуу таштарды саткан соодагердин короосунда кудук казып жатып таап алган. Табылган сапфирлердин салмагы 510 килограммга же 2,5 миллион каратка жетери белгилүү болду. Ошондой эле анын баасы 100 миллион долларга бааланары болжолдонууда.
Жеке коопсуздугу үчүн толук аты-жөнүн жашырып, өзүн Гемидж деп тааныштырган жай тургун таштарды тапкан соң дароо жергиликтүү бийликке кабарлаган.
Учурда табылган таштар толук анализден өткөрүлгөнү айтылды.
"Мен буга чейин мынчалык чоң үлгү көргөн эмесмин. Бул болжол менен 400 жыл мурун пайда болгон болушу мүмкүн", - деди гемолог Гамини Зойса. Ошондой эле табылган сапфирлерге "Интуиция" деген ат берилгенин кошумчалады.
Ал эми эксперттер сапфирлердин баасы карат (салмак бирдиги) менен жогору бааланса да, анын сапаты жогору болбошу мүмкүн экендигин айтышты.
"Бул жылдыз сапфирини дүйнөдөгү эң ири үлгүсү. Анын көлөмүн жана баасын эске алганда жеке коллекционерлерди же музейлердин жетекчилигин кызыктырышы мүмкүн", - деди Шри-Ланканын Улуттук асыл таштар жана зергерчилик агенттигинин башчысы Тилак Вирасингхе.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы аталган аймактын бир тургуну жамгырдан кийин парктан 4.49 караттык ири алмаз ташын таап алган.


1 |