super.kg logo

Беларусь: Роман Протасевич отурган учакты Минск аэропортуна кондурган диспетчер дайынсыз жоголду

 

Беларусь өлкөсүнүн оппозициячыл Nexta Telegram каналынын экс-редактору Роман Протасевич отурган учакты Минск аэропортуна кондурган диспетчер Олег Галегов дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, диспетчердин иш тажрыйбасы 10 жылдан ашык болгон. Июль айынын башында Галегов эмгек өргүүсүнөн кайтып келиши керек болчу. Бирок ал кызматына кайтып келген эмес. Анын социалдык тармактардагы баракчалары өчүрүлгөн.

23-майда Афины-Вильнюс багыты боюнча абага көтөрүлгөн Ryanair учагы Минск аэропортуна тоо-кен иштеринде жардыруу жүрүп жатат деген билдирүүдөн улам шашылыш конгон. Беларусь өлкөсүнүн укук коргоочулары бул учакты Беларусь өлкөсүндө экстремисттик деп табылган Nexta Telegram каналынын негиздөөчүсү Роман Протасевич бар экенин кабарлашкан. Минск аэропортунда документтерди текшерүү учурунда Протасевич кармалган. Ага карата бир нече берене, анын ичинде "массалык баш аламандык уюштуруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: