super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": "Федерация нааразы". Казакстандын медалдан үмүт артып жаткан күчтүү мушкери сенсациялуу, укмуштуудай нокаут менен утулду

 

Коңшу Казакстандын бокс боюнча күчтүү мушкерлеринин бири, "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Василий Левит "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы алгачкы беттешинде эле сенсациялуу, укмуштуудай нокаут менен утулуп калды.

Казак мушкери алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда испаниялык Эммануэль Рейес аттуу мушкер менен кез келип, беттештин экинчи бөлүгүндө нокаут менен утулуп калды. Левиттин бул беттешине Казакстандын бокс федерациясы нааразычылыгын билдирген.

"Мындай деңгээлде акыркы жолу рингге чыгып жаткандай беттешиш керек болчу. Беттештеги маанай баарынан жогору турат. Рингде өз өнөрүн көрсөтүп, атаандашка болушунча мүмкүнчүлүк бербеши керек. Левит медаль утуу үчүн толук камсыз болуп, шарттары мыкты деңгээлде болгон. Ал "Астана Арланстын" рейтингинде биринчи орунда турат. Эмнеге мындай бокс көрсөткөнүн түшүнбөй жатам", - деген Казакстандын профессионалдык бокс федерациясынын вице-президенти Виктор Демьяненко.

Василий Левит Казакстандын "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы медаль үмүт арткан спортчуларынын бири болчу. Ал 33 жашта.






Казак мушкери Олимпиадада нокаут менен утулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
28.07.2021. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боло берет ринг төрт бурчтуу
28.07.2021. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул спортда кандай болсо дагы колдоо корсотуш керек
28.07.2021. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баурлар буну спорт дейдылар, бир удар чечип коядылар. Кийинкисинде утат эми кайгырбагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: