super.kg logo

Австралияда Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү 25 жылга эркинен ажыратылды

 

Австралияда кайык жарышы спорту боюнча Олимпиадалык оюндардын эки жолку күмүш медалынын жеңүүчүсү Натан Баггали баңгизатты аткезчилик жол менен ташууга айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Брисбендеги соттун чечими менен ушундай эле мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн спортчунун бир тууган иниси да алды. Бир туугандар чет элдик кеме аркылуу 650 килограмм кокаинди аткезчилик жол менен ташууга аракет кылышкан. Бирок Австралиянын аскер-деңиз флотунун кайгуул кызматы тарабынан колго түшүрүлүп, полиция кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми 45 жаштагы австралиялык спортчунун адвокаты бир туугандардын баңгизат ташып бара жатканынан кабары болбогондугун айтып чыккан. Анын айтымында, спортчу кемедеги таңгактарда тамеки гана бар деп ойлогон.

Бирок сот бир туугандардын буга чейин дагы аткезчилик иштерине активдүү катышып келишкенин билдирди.

Белгилей кетсек, Натан Баггали былтыркы жылдын май айында дагы кокаин менен кармалган. Сот аны апрель айында кылмышка айыптуу деп тапкан. Ошондой эле бир туугандар 2009-жылы Экстази дарысын мыйзамсыз түрдө жасашкандыгы үчүн камакка алынып, абакта жазасын өтөп чыгышкан. 2015-жылы дагы кайрадан баңгизат кылмышы менен кармалып соттолушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: