super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандык 10 малчы Казакстандын Талды-Коргон шаарында камакта жатат

 

2013-жылдын жай айында кыргыз-казак чек арасын кесип өткөндүгү үчүн Казакстандын чек арачылары тарабынан 18 кыргыз малчысы кармалган. Бул тууралуу  бүгүн, 30-октябрда  "Замандаш”  ассоциациясынын Алматы шаарындагы өкүлү Туратбек Аманбаев билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, малчылар казак чек арасын мал издөөнүн артында кесип өтүшкөн. Буга чейин кармалган мекендештерибиздин 8и  бошотулуп, коё  берилген. Калган 10 жаран учурда Алматы облусунун Талды-Коргон шаарында камакта. 25-октябрда КРнын Алматыдагы генералдык консулдугунун кызматкерлери Турдубаев Айбек менен Кадыров Бакыт камактагы жердештерибизге Алматы шаарында жашап-иштеп жаткан кыргыздар тарабынан чогултулган  жылуу кийимдер жана азык-түлүктөрдү жеткирип, ал-абалдарын сурап келишкен. 

Бирок камактагылардын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Андыктан «Замандаш» ассоциациясы КРнын Акыйкатчысына камактагыларды бошотуу боюнча көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылуу алдында. 

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: